Орусия уулуу затты аныктады

Рыбальченко, Россия-1 каналына маалымат берди.

937654
Орусия уулуу затты аныктады

Орусиянын Коргоо министрлиги, орусиялык аскердик кызматкерлердин, АКШнын Улуттук стандарттар бюросунун химиялык кошундулар китепканасынын маалыматтар базасында 1998-жылы «Новичок» деп да билинген А-234 аттуу уулуу заттын окшошун аныктагандарын билдирди.

Орусиянын коргоо министрлигинин химиялык анализ лабораториясынын башчысы Игорь Рыбальченко, Россия-1 каналында темага байланыштуу маалымат берди.

Рыбальченко: «Биз 1998-жылы АКШнын Улуттук стандарттар бюросу жарыялаган 300.000ге жакын кошундулардын көрсөткүчтөрүн камтыган жана тынымсыз жаңыланган спектралдык китепкананын кийинки бөлүмүн иликтеп жатканда, органикалык фосфор заты болгону үчүн бизди кызыктырган кошундуларга кездештик. Аты аталган уулуу заттын күчтүү өлтүрүүчү таасири болгонуна ишенип жатканбыз. Эми болсо бул заттын атына каралганда ошол мезгилде аныкталган заттын «Новичок б.а А-234түн дал өзү экенин билдик, бул зат аныкталды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар