Түштүк Кореяда кеме чөктү
Жүргүнчү кемесиндеги 163 кишинин толугу куткарылды.
937220
Түштүк Кореянын түштүк батыш жээгинде жарга урунган бир жүргүнчү кемесиндеги 163 кишинин толугу куткарылды.
Өлкөнүн түштүк-батыш жээгинде сүзүп бараткан бир жүргүнчү кемеси балыкчы яхтасын кагып кетпейин деп маневр жасады жана жарга урунду.
Паромдогу 187 жүргүнчү жана 5 экипаж үчүн куткаруу иш-аракети башталды.
Жооптуу кызматкерлер саат 12:51де жүргүнчүлөрдүн толугу куткарылганын жарыялады.
Ал эми кемедеги киши саны 158 жүргүнчү жана 5 экипаж болуп бардыгы 163 деп кайрадан жарыяланды.