Союз MS-08 капсуласы учурулду

Капсуланын учурулушу Орусия космостук агенттиги Роскосмостун интернет сайтанда түз эфирден берилди.

935574
Союз MS-08 капсуласы учурулду

Союз MS-08 капсуласы Казакстандын Байконур космостук базасынан учурулду. Капсуланын учурулушу Орусия космостук агенттиги Роскосмостун интернет сайтанда түз эфирден берилди.

Космонавт Олег Артемьев, Американын космостук жана авиация мекемеси НАСА космонавттары Дрю Фейстел жана Рикки Арнольд ичинде болгон космостук унаа Союз  MS-08  жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:44тө учурулду.

Капсуланын космостук станцияга 2 күндөн кийин барышы күтүлүп, топтун 161 күнгө созула турган космостук иштеринин негизинде илимий иликтөөлөрдү жүргүзүшү күтүлүүдө.

Орусия АКШ, Япония, Европа жана Канаданын космостук мекемелери тарабынан модулдардын бириктирилиши тууралуу түзүлгөн Эл аралык космостук станцияда илимий иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар