Францияда түрктөргө таандык дүкөн атайылап өрттөлдү
Гренобль шаарындагы дүкөндө өрт чыкты.
Францияда түрктөргө таандык дүкөндүн атайылап өрттөлүшүнөн бир киши каза болду.
Жергиликтүү «La Dauphine» гезитине караганда, таңга маал Гренобль шаарындагы «Угур» деген дүкөндө өрт чыкты.
Коопсуздук камераларынын дүкөндүн атайылап өрттөлгөндүгүн аныктаганы жана окуя болгон жерге чакырылган полиция жана өрт өчүргүчтүн аракеттеринен кийин өрттүн өчүрүлгөндүгү, жалындары жанындагы дүкөнгө да жайылып андагы бир кишинин оор жаракат алган абалда ооруканага жеткирилгендиги белгиленди.
Дүкөндө уктап жатканы аныкталган бул кишинин ооруканада көз жумганы билдирилди.
Түркиянын Лиондогу башкы консулу Өзгүр Чакар, түтүндөн ууланып каза болгон бул кишинин түрк жараны эмес экенин айтты.
Чакар айрыкча, дүкөндүн атайылап өрттөлгөндүгүнүн такталганын жана өттөн 8 кишинин да жеңил жараат алганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.