Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан Африка өлкөлөрүнө эскертүү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 15 Африка өлкөсүн листерия эпидемиясын алдын алууга чакырды.

935573
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан Африка өлкөлөрүнө эскертүү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 15 Африка өлкөсүн листерия эпидемиясын алдын алууга чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан берилген маалыматта Түштүк Африкадагы листерия эпидемиясынан улам Нигерия, Гана, Ангола, Боствана, Демократиялык Конго Республикасы, Лесото, Малави, Мадагаскар, Мозамбик, Мавритания, Намибия, Танзания, Уганда, Замбия жана  Зимбабведе калктын кайрадан иштетилген эт продукцияларынан алыс туруусу эскертилди.

Түштүк Африка республикасындагы эпидемияга каршы керектүү чаралардын көрүлө баштагандыгы белгиленген маалыматта эпидемиядан таасирленген кишилердин дарылануусунун улантылып жаткандыгы билдирилди.

Жетекчилер өткөн жылдын башынан бери 950 кишиге листерия диагнозунун коюлгандыгын жана эпидемиядан улам 180 кишинин каза болгондугун билдирген болчу. Эпидемиядан улам Ангола , Намбия, Мозамбик, Малави, Ботсвана жана Замбия, Түштүк Африка Республикасынан кайрадан иштетилген эт продукцияларынын импорттолушун токтоткон.

Жер, суу жана жаныбар көңдөрүндө болгон бактериялар себеп болгон листерия антибиотиктер менен дарылана алат. Ооруга тоскоол болууда тазалык жана гигиена маанилүү ролду ойнойт.



Тектеш кабарлар