АКШда аскердик учак кырсыкка учурады

Командирликтен берилген экинчи бир маалыматта болсо эки учкучтун тең каза болгондугу билдирилди.

930359
АКШда аскердик учак кырсыкка учурады

АКШнын  деңиз флотуна таандык аскердик учактын кырсыкка учуроосу менен 2 учкуч каза болду.

Флорида аймагында F/A-18F Super Hornet моделиндеги аскердик учак  машыгуу учурунда кырсыкка учураган.

АКШ Атлантика деңиз флотунун аба күчтөрүнүн командирлигинен берилген маалыматта аскердик учактын Флориданын Ки-Уэсте аймагында деңиз флотуна таандык Бока Чика базасында машыгуу  учурунда кырсыкка учурагандыгы белгиленди.

Учак аянтка жакындап келе жатканда кырсыкка учурагандыгы билдирилип, эки учкучтун отурган орундуктарын учуруу методу менен учактан аттагандыгы белгиленди. Маалыматта  бул учкучтардын куткаруу топтору тарабынан аянттын эки километр чыгышында деңизден чыгарылгандыгы билдирилди. Командирликтен берилген экинчи бир маалыматта болсо эки учкучтун тең каза болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар