Орусия Англияга каршылык көрсөттү

Орусия Англияны эскертти.

929278
Орусия Англияга каршылык көрсөттү

Орусия, Russia Today (RT) телеканалы Англияда жабылган учурда Орусияда бир дагы англиялык медиа мекемесинин иштебей турганын белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Россия-1 каналындагы 60 Мүнөт программасына берген маалыматында: «Дароо муну сизге айта кетким келет, эгерде алар Russia Today (RT) телеканалын жаап салышса, бир дагы англиялык медиа мекемеси өлкөбүздө иштебейт»,-деди.

Англия парламентинде бир канча эл өкүлү Russia Today телеканалына карай Англияда берүү урукасатын жоюу менен катар чектөөлөрдүн коюлушун талап кылышкан болчу.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй бул талапка түздөн-түз жооп бербесе да Орусияга карай санкцияларды шаршемби күнү эл өкүлдөрү менен сүйлөшө турганын эске салды.



Тектеш кабарлар