Тунисте дарыгерлер митингге чыгышты

Борбор шаар Тунисте чогулган жаш дарыгерлер билим алгандан кийин дароо жумушка баштай албагандыктан бул маселени чечүү үчүн жаңы мыйзамдын чыгарылышын талап кылуу менен митинг өткөрүштү.

928716
Тунисте дарыгерлер митингге чыгышты

Тунистик жаш дарыгерлер окуу жайын бүтүргөндөн кийин дароо кызматын баштоосуна уруксаттын берилиши жана мажбур түрдөгү аскердик кызматынан бошотуу талабы менен митинг өткөрүштү.

Борбор шаар Тунисте чогулуп саламаттык сактоо министрлиги имаратына карай жүргөн көп сандаган дарыгер университеттен алты жыл  билим алгандан кийин дароо жумушка баштай албагандыктан бул маселени чечүү үчүн жаңы мыйзамдын чыгарылышын талап кылуу менен митинг өткөрүштү.

Иштеп жаткан мыйзамга карата бир кишинин дарыгер катары кызматын башташы үчүн окуу жайын бүтүргөндөн кийин 4 жыл адистик, 3 жыл үй  - бүлө дарыгерлиги тууралуу билим алышы керек.

Тунис жаш дарыгерлер уюмунун башкы катчысы Малик Абдунназыр жаш дарыгерлердин талаптарын билдирүү үчүн митинг уюштурушкандарын, дарыгерлердин талаптарынан баш тартпай тургандыгын белгиледи. Абдунназыр саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин талаптарына көңүл бурбаса митингдердин күч аларын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар