Орусия менен Англиянын тыңчы кризиси

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров, Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин уулануу окуясынын жооптуусунун Орусия болгону жөнүндөгү айтымдарын да «ультиматум» деп сыпаттады.

928900
Орусия менен Англиянын тыңчы кризиси

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын нервдик газ менен ууланышы тууралуу териштирүү делосуна жетүү талаптарынын Лондон тарабынан четке кагылганын айтты.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров, Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин уулануу окуясынын жооптуусунун Орусия болгону жөнүндөгү айтымдарын да «ультиматум» деп сыпаттады.

Химиялык курал колдонгондугу менен күнөөлөнгөн бир өлкөнүн, бул тема тууралуу өрнөктөргө жетүү укугуна ээ болгонун баса белгилеген Лавров, Англиянын уулу зат өндүргөнүнөн шек санаган өлкөгө дароо кайрылган болушу керектигин белгилеп кетти.

«Дээрлик бүтүндөй Англия башкаруучулугунун мүчөлөрүнүн чыгарган ушактары чыгаар замат, химиялык куралдарга тыюу салынышы боюнча адистерибиздин анализдерин ишке ашырышы үчүн расмий түрдө делого жетүү кайрылуусун кылдык. Келишимдин алкагында бул кескин түрдө мыйзамдуу» деген сөздөрүн айткан Лавров, талапка терс жооп алгандарын сөз кылды.

Мэй, Москвадан Скрипалдын ууланышында колдонулганы божомолдонгон «Новичок» аттуу уулуу газдын өндүрүлүү программасы тууралуу кеңири талап кылышкан.

Лавров, Лондон өрнөктөрүн жеткиргенге дейре талаптарына жооп бербей тургандарын айтты.

Бул учурда, Англиянын премьер-министри Мэйдин мурдагы орус тыңчысы Скрипаль жана кызынын ууланышы боюнча Москванын жооптуу болгону жөнүндөгү айтымдарынан кийин, бул өлкөнүн Орусиядагы элчиси Лори Бристоу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.



Тектеш кабарлар