Жүргүнчү учагы кырсыкка учурады

Учакта 67 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон.

928084
Жүргүнчү учагы кырсыкка учурады

Непалдын борбор шаары Катмандуда, Бангладеш аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын жерге кулап түшүшүнөн 49 кишинин көз жумганы, 22 кишинин жаралуу куткарылганы билдирилди.

Учак Tribhuvan эл аралык аэпортуна коноор алдында ичиндеги 67 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү менен бирге кулап түштү.

Бангладештен сапар тарткан учактын конуу учурунда тилкеден чыгып кеткени жана аэропорттун чыгыш бөлүгүндөгү футбол аянтчасына түшүп өрттөнүп кеткени билдирилди.

Учактагы 67 жүргүнчүдөн 32синин Бангладеш, 33үнүн Непал, бирөө Кытай, биринин да Мальдив аралдарынын жараны экени маалымдалды.


Этикеткалар: #Непалдын , #Катмандуда

Тектеш кабарлар