Токой өртү 9 кишинин өмүрүн алды

Алар токойдо сейилдеп жүрүшкөн.

927649
Токой өртү 9 кишинин өмүрүн алды

Индиянын Тамил-Наду аймагында чыккан токой өртүнөн 9 киши каза болду.

Жергиликтүү маалымат булактарга караганда, жооптуу кызматкерлер Тани аймагындагы Курангани дөбөлөрүндө чыккан өрт учурунда, токойдо сейилдеп жүргөн 9 кишинин каза тапканын, 8 кишинин да жаракат алганын билдиришти.

Жаракат алгандар чөйрөдөгү ооруканада дарыланып жатышат.

Тилсиз жоо өрт өчүргүчтөр тарабынан көзөмөлгө алынды.  



Тектеш кабарлар