НАТО өлкөлөрү Орусия чек араларында машыгуу өткөрөт

Бул эң ири машыгуу болот.

925556
НАТО өлкөлөрү Орусия чек араларында машыгуу өткөрөт

НАТО өлкөлөрү Орусия чек араларында 45 миң аскердин катышуусунда ири машыгуу өткөрөт.

АКШнын деңиз аскерлери командири армия генералы Роберт  Б.Неллер Өкүлдөр палатасындагы отурумда сүйлөгөн сөзүндө: «Алдыбыздагы күздө, октябрь айында амфибиялардын катышуусунда НАТОнун ири машыгуусу өтөт. Суук согуш учурундагы «Trident Juncture» аттуу машыгуудан кийинки эң ири машыгуу болот»,-деди.

Армия генералы, ондогон согуштук кеме жана учактын катышуусунда өтө турган машыгуунун Норвегия жээктеринде болоорун билдирди.

Машыгуу өтө турган аймакка байланыштуу так маалымат бербеген Неллер, бир гана Орусия чек араларына жакын жерде болоорун айтып: «Орусия тарабынан каршылык көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок мен ойлойм бул АКШнын жүргүзгөн стратегиясынын олуттуулугун, НАТО шериктештерибиздин аларды коргош үчүн бизди ал жерде көргүсү келгендерин көрсөтүүдө»,-деди.

Буга чейин Неллер, Норвегияда жайгаштырылган аскерлерин аймакта чоң уруштун башталышы мүмкүн экени темасында эскерткен болчу.

 



Тектеш кабарлар