Ирак Түштүк Кореядан аскердик учактарын өткөрүп алды
Ирактын мурунку премьер - министри Нури ел - Малики 2013 - жылы 24 Т - 50 моделиндеги аскердик учак алуу үчүн Түштүк Корея менен келишимге кол койгон болчу.
Ирак Түштүк Кореядан үчүнчү партия Т – 50 моделиндеги аскердик учагын өткөрүп алды. Ирактын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта үчүнчү партия Т – 50 моделиндеги аскердик учактын Багдаттагы аэропортунан өткөрүлүп алынгандыгы билдирилди.
Биринчи партиясы шейшемби, экинчисинин кечээ тапшырылгандыгы билдирилген маалыматта аскердик учактардын санына байланыштуу маалымат берилген жок.
Ирактын мурунку премьер - министри Нури ел - Малики 2013 - жылы 24 Т - 50 моделиндеги аскердик учак алуу үчүн Түштүк Корея менен келишимге кол койгон болчу. Бир Т - 50 моделиндеги аскердик учактын баасынын 21 миллион доллар экендиги белгиленүүдө.
Ирак аба күчтөрү азыркы учурда АКШда жасалган Ф - 16, Чехиянын Л - 159 жана Орусиянын Сухой моделиндеги аскердик учактарын колдонууда.