БУУ: "Аракандык мусулмандарга кыргын жасалууда"

БУУнун Адам укуктарынын жогорку комиссары Зейд Раад Ел Хүсейин 2017 – жылы 25 -  августтан бери кыргын жасалгандыгына байланыштуу  күчтүү далилдердин бар экендигин айтты.

925334
БУУ: "Аракандык мусулмандарга кыргын жасалууда"

БУУнун Адам укуктарынын жогорку комиссары Зейд Раад Ел Хүсейин Мьянмада аракандык мусулмандарга карата 2017 – жылы 25 -  августтан бери кыргын жасалгандыгына байланыштуу  күчтүү далилдердин бар экендигин айтты. Хүсейин БУУнун Адам укуктары кеңешинин 37 -  отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Бангладешке баш какалоого мажбур болгон 900 миңге жакын аракандык мусулман жана Мьянмада калган мусулман коомуна карата олуттуу тынчсыздануулардын улантылып жаткандыгын белгиледи.

Хүсейин : «Адам укуктары офиси Аракан аймагында азыр да этникалык тазалыктын улантылып жаткандыгына ишенүүдө»,- деди. Мьянма өкмөтүнүн бульдозерлордун топ кишилер көмүлгөн мазарлардын үстүнөн  өтүү менен «адамзатка каршы жасалган кылмыш» да болгон «эл аралык кылмыштардын» далилдерин жок кылууга аракет кылууга аракет кылгандыгын эскерткен Хүсейин буларды айтты : «Курман болгондор, коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү куралдуу кишилер тарабынан кылмыш, зордуктоо, кыйноо жана качырылуу окуялары менен азык  - түлүк булактарына жетишүүгө бөгөт болуу менен аракандык мусулмандардын ач калууга мажбурланып жаткандыгы билдирилди. Муну кеңеш да билет. Офис Аракан аймагында август айынан бери кыргын кыймылдары ишке ашкандыгына байланыштуу күчтүү шектенүүлөрү бар». Хүсейин Адам укуктары кеңешине кайрылуу менен Мьянмада аракандык мусулмандарга каршы жасалган кылмыштардын жооптууларынын аныкталып, соттолушу үчүн «жаңы бир көз карандысыз жана тарапсыз механизмди курууга» чакырды.

БУУму билдирген акыркы маалыматтарга караганда 2017 – жылдын 25 -  августунан бери Мьянмадагы абалдардан качкан аракандык 700 миңге жакын мусулман Бангладешке баш калкалады. Араканда 1970 -  жылдарда 2 миллионго жакын мусулмандын жашагандыгы болжолдолуп, системалуу кол салуулардан качуу менен бул сан 350 миңден азайды.

Эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрүнө караганда аймакта мусулмандарга таандык 350дөн ашуун айыл өрттөнгөн.

 



Тектеш кабарлар