АКШ Африка өлкөлөрүнөн Түндүк Кореяга кысым жасоону суранды

Тиллерсон Африка саякатынын негизинде барган Эфиопияда Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед менен жекеме  - жеке сүйлөштү.

925554
АКШ Африка өлкөлөрүнөн Түндүк Кореяга кысым жасоону суранды

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Африка өлкөлөрүн Түндүк Кореянын ядролук курал программасына каршы жасалган эл аралык аракеттерге колдоо берүүгө чакырды. Тиллерсон Африка саякатынын негизинде барган Эфиопияда Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед менен жекеме  - жеке сүйлөштү.

Тиллерсон жолугушуудан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы жана Түндүк Кореянын ядролук иштерине каршы жүргүзүлгөн глобалдык аракеттерге Африка өлкөлөрүнүн салым кошо аларына көңүлдөрдү буруп : «Африка өлкөлөрү Түндүк Кореяга карата кысымдарга колдоо бериши мүмкүн»,- деди.

АКШнын Африка өлкөлөрү менен көптөгөн жылдардан бери күчтүү карым  - катнаш жана өнөктөштүктү жүргүзгөндүгүн айткан Тиллерсон коопсуздук тармагында аянтта орток аракеттердин ортого салынгандыгын эске салды.

Тиллерсон Африканын маанилүү өлчөмдө өскөн калк санына ээ экендигин жана экономикалык өнүгүү көрсөткөндүгүн, мунун да Африканы келечекте АКШнын кызыкчылыгы үчүн маанилүү бир абалга алып келгендигин айтты. Комиссиянын төрагасы Мухаммед болсо Африка өлкөлөрү жана АКШнын ортосунда соода жана экономикалык байланыштардын күчтөнүшүн каалашкандарын белгиледи.

Бир тараптан Тиллерсон басма сөз кызматкерлеринин АКШнын президенти Дональд Трамптын Африка өлкөлөрү тууралуу айткан «жиркеничтүү өлкөлөр» деген сөзүнө карата суроолорго жооп берүүдөн алыс турууда. Тиллерсондун Эфиопиядан кийин Жибути, Чад, Кения жана Нигерияга барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар