Түштүк Корея Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларын жеңилдетпейт

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги «Йонхап», Мундун партия лидерлери менен түшкү тамакта жолукканын жарыялады.

924929
Түштүк Корея Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларын жеңилдетпейт

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин, алдыдагы айда Түндүк Корея менен боло турган лидерлер саммитинин себебинен Пхеньянга багытталган санкциялардын жеңилдетилгенин айтты.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги «Йонхап», Мундун партия лидерлери менен түшкү тамакта жолукканын жарыялады.

Мундун кеңсесинен берилген маалыматка караганда мамлекет башчысы алдыдагы айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болушу пландалган лидерлер саммитинин себебинен «Пхеньянга карай санкцияларды жеңилдетүү же жоюу сыяктуу абал жок экенин» айтты.

Мун, жыйналышта акыркы максаттарынын Түндүк Кореянын ядролук куралдардан толугу менен тазаланышы болгонун баса белгиледи.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы жакындашуунун Түндүккө карай санкцияларды жеңилдете турганы багытындагы санааркоолорго токтолгон Мун, Сеулдун бул санкцияарды бир жактуу түрдө жое албай турганын белгилеп, Түндүккө карай уланып жаткан санкция жана кысымдын БУУнун коопсуздук кеңеши жана АКШ тарабынан киргизилгенин айтты.

Мамлекет башчы Мун, АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда диалогдун башталышын үмүт кылгандарын айтып, Пхеньяндын ядролук курал жана ракета сыноолрун токтотуу сунушунун алдын ала сүйлөшүүлөр үчүн керектүү шарттарды камсыздаганын кеп кылды.

Түштүк Корея кечээки жарыясында Сеул жана Пхеньян башкаруучуларынын апрель айынын акырында лидерлер саммитин өткөрүү темасында макулдашкандарын билдирген.

Айрыкча Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга карата ядролук курал колдонууну жана АКШ менен келише алса ядролук жана ракета сыноолорун токтотуу убадасын бергени белгиленген. Сеул жана Пхеньян башкаруучуларынын аскердик чыңалууну түшүрүш үчүн да атайын байланыш түзүлүүсүнө чечим чыгарганы айтылган.



Тектеш кабарлар