Путин бир топ тыңчынын кыймылдарына бөгөт коюлганын айтты

Владимир Путин, Орусияда өткөн жылы 397 тыңчынын кыймылдарына бөгөт коюлганын айтты.

923359
Путин бир топ тыңчынын кыймылдарына бөгөт коюлганын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөдө өткөн жылы 72 штаттагы атайын күчтөрдүн кызматкерлери жана 397 тыңчынын кыймылдарына бөгөт коюлганын айтты.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (FSB) кызматкерлери менен болгон жыйналышта сөз сүйлөгөн Путин: «Чет элдик чалгындоо уюмдары Орусияда абдан тыгыз иштерди жүргүзүүдө. Эң заманбап тыңчылык жана техникалык чалгындоо ыкмаларын колдонушууда»,-деди.

«Бир гана 2017-жылы чет элдик чалгындоо уюмдарынан 72 штаттагы кызматкери жана 397 тыңчынын иш-аракеттерине бөгөт коюлганын»,айткан Путин: «Бул абдан маанилүү темада тартиптүү жана таасирдүү түрдө иштерди жүргүзүүңөрдү, чет элдик чалгындоо мекемелеринин саясий, экономикалык, технологиялык жана коргонуу мүнөзүндөгү маалыматтарга жетүүгө карай киришүүлөрүнө бөгөт коюшуңузду, бул тармакта иштөөңүздү улантышыңызды суранамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар