Пентагондо дагы бир чатактуу окуя...

Пентагондун басма сөз катчысы Роб Мэннингдин айтымдары талаш туудурду.

923743
Пентагондо дагы бир чатактуу окуя...

АКШнын Коргоо министрлигинде (Пентагон) дагы бир чатактуу окуя...

Пентагондун басма сөз катчысы Роб Мэннинг, жикчил террор уюму ПККнын жалган башкаруучуларынан Мазлум Кобани каймана атын да колдонгон, Шахин Жило каймана аттуу Ферхад Абди Шахинди «Генерал Мазлум» деп атады.

Мэннингдин, «Генерал Мазлум жана Сирияда ДЕАШтан алынган жерлердеги жергиликтүү аскердик консейлерди ДЕАШ менен күрөшүүсүн токтотпой уланткан учурунда колдоо көрсөтүүнү улантабыз» деген сөздөрү талаш туудурду.

Пентагондун Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн катчыларынан майор Адриан Ранкин-Галлоуэй да, Түркиянын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга байланыштуу санааркоолорун түшүнгөндөрүн, бирок сөз болгон кишинин (террорист Ферхад Абди Шахин) АКШнын колдоо көрсөткөн (ЙПГ/ПККнын жасалма уюму) Сирия Демократиялык Күчтөрүнүн (СДК) командири болгонун айтып чыкты.

Террор уюму ЙПГ-ЙПЖ/ПККнын Сириядагы кыймылдары, Ирак-Иран чек арасында орун алган Кандил тоосунда жайгашкан жалган төрагалык консейинен башкарылууда.

СДК болсо аты аталган топтун Сириядагы этикеткасы катары колдонулууда.СДКнын өзүнө таандык согушкерлери же көз карандысыз башкаруучулугу жок.

Орто эсеп менен 50 миң куралдуу кишиден турганы божомолдонгон СДКнын курамынын 70 пайыздан ашууну ЙПГ жана аял элементтеринен турган ЙПЖдан турат.

Түркия башына акча сайып издеген террористтерден СДКнын жалган башкы командири Шахин Жило/ Кобани Мазлум каймана аттуу Ферхад Абди Шахин болсо бардык буйруктарын Кандил тоосундагы курамынан алат.

Кандил курамынын алдыңкы ысымдарынан Жило, ПЙД/ПККнын атынан көптөн бери куралдуу кыймылдарын башкарып келет.

Америкалыктар аянттагы операцияларын чоң өлчөмдө Жило аркылуу жүргүзөт.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) 2017-жылдын 25-апрелинде Синжар жана Каракочакка абадан жүргүзгөн операцияларынын артынан АКШлык командирлердин Шахин Жило менен бирге видеодо көрүнүшү катуу каршы чыгууну тарткан.



Тектеш кабарлар