Түндүк Корея АКШнын шарттуу диалогун четке какты

Бул тууралуу маалыматты Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

922361
Түндүк Корея АКШнын шарттуу диалогун четке какты

Түндүк Корея, АКШнын президенти Дональд Трамптын «Пхеньян бийлиги менен бир гана туура шарттар астында жолугушууну каалайбыз» деген жарыясына каршылык көрсөттү.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында АКШнын өздөрү менен жолугушуу үчүн алдыга шарт койгон учурунда эки өлкөнүн ортосунда кандайдыр бир диалог болбой турганы билдирилди.

Түндүк Кореянын Вашингтон бийлиги менен диалогго карата ядролук жана ракеталык программаларын токтотуу ниетинин болбой турганы баса белгиленген жарыяда, «Маселенин тынчтыкчыл жана дипломатиялык жолдор менен чечилишин жактайбыз, бирок эч качан диалог үчүн жалбарбайбыз. АКШнын ар дайым айланып келип айтып жаткан аскердик альтернативадан да качпайбыз»делди.

Анда, «Трамптын шарттуу диалог жарыясынын Вашингтондун Түндүк Корея менен диалог түзүүнү каалабаганын тастыктаганын көрсөтүп турганы» орун алды.



Тектеш кабарлар