Швецияда 2017 – жылы 12 качкын бала жанын кыйды

2015 – жылы Швецияга 35 миң 360 ата  - энесиз бала кирген болсо 2016 -  жылы бул сан 2 миң 199, 2017 -  жылы 1334 болгон.

921998
Швецияда 2017 – жылы 12 качкын бала жанын кыйды

Швециянын борбор шаары Стокгольмдагы Каролинска институту билдирген отчетко караганда өлкөдө 2017 -  жылы 12 ата  - энесиз баланын жанын кыйгандыгын жарыялады. Отчетто бул балдардын көпчүлүгүнүн афган экендиги жана баш калкалоо талаптарынын четке кагылышы менен жанын кыйгандыгы билдирилди.

Отчетту даярдаган изилдөөчүлөрдөн психикалык  саламаттык жана социалдык тейлөө адиси Эллен Миттендорфер Руц жанын кыйган балдардын чоң травма өткөргөндүгүн жана качуу учурунда да кыйноо жана зомбулукка дуушар болушкандарын айтты.

Балдар жана жаштар психиатрия борборунан берилген маалыматта болсо жанын кыйган качкын балдар саны чындыкты толугу менен чагылдырбагандыгын жана абалдын мындан да оор экендиги белгиленди. Качкындар кеңсесинин маалыматына караганда 2015 – жылы Швецияга 35 миң 360 ата  - энесиз бала кирген болсо 2016 -  жылы бул сан 2 миң 199, 2017 -  жылы 1334 болгон.



Тектеш кабарлар