Газпром Украинага жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту

Орус энергия фирмасы Газпром кечээтен баштап Украинага жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту.

921656
Газпром Украинага жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту

 Орус энергия фирмасы Газпром кечээтен баштап Украинага жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту. Газпром  башкаруу кеңешинин төрага орун басары Александр Медведев журналисттерге берген маалыматта украиналык жаратылыш газ фирмасы Нафтогаз менен жаратылыш газ өткөрүүгө байланыштуу келишимдин түзүлө албагандыгын белгиледи.

Нафтогаздын март айынын жаратылыш газ өткөрүү үчүн төлөмүнүн кайра алынгандыгын белгилеген Медведев : «Ошондуктан 1 – марттан баштап Нафтогазга жаратылыш газ өткөрүлбөйт»,- деди.

Борбору Стокгольм болгон Эл аралык арбитраждык сот мурунку күнү чыгарган чечимди Газпром жана Нафтогаздын ортосундагы доону Нафтогаздын пайдасына чыгарган.

Газпромдун Украинага жаратылыш газ өткөрүү тууралуу милдетин орундатпагандыгына чечим чыгарган сот Газпромдун Нафтогазга 2, 56 миллиард доллар төлөшүнө чечим чыгарган.

Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко орус энергетика фирмасы Газпромдун Украина энергетика фирмасы Нафтогазга карызын төлөбөсө байлыктарынын барымтага алынышы керектигин билдирди.

Порошенко өзгөчө Украинада өткөн жылы чектөө киргизилген орус бакнтары Сбербанк, ВТБ, БМ банкы,  Проминвестбанк жана ВС банкка карата санкциялардын узартыларын билдирди.



Тектеш кабарлар