Орусия жер шарынын бардык жерин ата алган жаңы бийик үндүү ракета өнүктүрдү

Владимир Путин, Федералдык Парламенттин мүчөлөрүнө жыл сайын болуучу салттык кайрылуусунда ушул маалыматты берди.

920904
Орусия жер шарынын бардык жерин ата алган жаңы бийик үндүү ракета өнүктүрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин, дүйнөнүн бардык жерин ата ала тургандай аралыкка учуучу бийик үндүү ракета өнүктүрүп чыгаргандарын айтты.

Владимир Путин, Федералдык Парламенттин мүчөлөрүнө жыл сайын болуучу салттык кайрылуусунда ушул маалыматты берди.

Путин, Орусиянын башка эч бир өлкө ээ болбогон ядролук ракеталарды өнүктүргөнүн маалымдады.

Өткөн жылдын акырында жаңы бийик үндүү ракетасын сынагандарын айткан Путин, бул жаңы ракетанын жер шарынын дээрлик бардык чекитине жете ала турганын белгиледи.

Путин, жаңы өзөктүк дүрмөттүн эч бир ракета аткыч тарабынан атыла албай турганын билдирди.

Шериктештеринен бирине карай ядролук курал колдонулган учурунда, бул кол салууну Орусияга болгон кол салуу катары эсептеп дароо жооп кайтара тургандарын баса белгилеген Орусиянын лидери, «круз» ракеталары тарабынан ташыла ала турган жаңы кичине өзүктүк дүрмөттөрдү өнүктүрүп жаткандарын да түшүндүрдү.

Путин айрыкча өзөктүк дүрмөттөрдү ташый ала турган жаңы суу астынан сүзүүчү дронду сынагандарын бөлүштү.



Тектеш кабарлар