Гутада кол салуулар уланып жатат

Асад режими БУУнун токтому менен Орусиянын жарыясына карабастан кол салууларын улантып жатат.

919158
Гутада кол салуулар уланып жатат

Чыгыш Гутада Асад режими, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтому жана Орусиянын 5 сааттык ок атышпоо жарыясына карабастан кол салууларын улантып жатат.

Чыгыш Гутадагы Жарандык коргонуу кызматы маалымдагандай, Асад режими БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтому жана андан соң Орусиянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 9.00дан 14.00кө чейин (Түркия убактысы боюнча 10.00-15.00) ок атышпоо жарыясына карабастан Чыгыш Гутаны бомбалоосун улантып жатат.

Режим Түркия убактысы боюнча саат 10.30 чамасында Чыгыш Гутадагы отурукташуу жерлеринен Дума, Бейт Сава жана Мерж аймактарына замбирек ата баштады.

Кол салуудан карапайым бир тургун каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

Кол салуудан көз жумгандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар