АКШнын Түндүк Корея саясатынан жооптуу дипломаты арызын берди

63 жаштагы дипломат Жозеф Юн арызын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго сунуштагандыгын билдирди.

919032
АКШнын Түндүк Корея саясатынан жооптуу дипломаты арызын берди

АКШнын Түндүк Корея саясатынан жооптуу жогорку мартабалуу дипломат Жозеф Юн жуманын акырынан баштап кызматын таштай тургандыгын билдирди.

СНН телекөрсөтүү каналына катышкан 63 жаштагы дипломат Жозеф Юн арызын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго сунуштагандыгын билдирди. Тиллерсондун капалануу менен арызды кабыл алгандыгын айткан Юн : «Толугу менен өзүмдүн чечимим»»,- деди. Жозеф Юн 2016 -  жылдын октябрь айында мурунку президент Барак Обама тарабынан бул кызматка келген болчу. Өзгөчө Юн Түндүк Кореяда 15 айга жакын камоодо калган америкалык студент Отто Вармбиердин июнь айында эркин койо берилишинде чоң роль ойногон.



Тектеш кабарлар