Орусия-Сербия карым-катнаштары

Лавров Белградда Вучич менен жолукту.

915573
Орусия-Сербия карым-катнаштары

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Сербия менен Косовонун ортосундагы диалог процессине АКШ  кошулган учурда, өлкөсүнүн да бул жолду ээрчий турганын айтты.

Лавров Сербия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөндүгүнүн 180 жылдыгынан улам барган Белградда президент Александр Вучич менен жолукту.

Сергей Лавров, Европа Биримдигинин арачылыгында Сербия менен Косовонун ортосунда уланган диалог процессине байланыштуу сереп салып: «АКШ бул диалогго кошулса Орусия да жооп кайтарат. Сербия талап кылган учурда Орусия да диалогго кошулат»,-деп айтты.

Сербиянын президенти Вучич болсо, Европа Биримдигине мүчөлүк жолунда бараткан Сербиянын Орусияга санкция киргизбей турганын кайталады.

Вучич мунун Европа Биримдиги тарабынан да түшүнүү менен кабыл алынаарын ойлогонун айтты.



Тектеш кабарлар