Мексикада тик учар кулап түштү

Тик учар кулап түшкөн жерде турган 13 киши каза тапты.

912744
Мексикада тик учар кулап түштү

Мексикада ички иштер министри жана Оахакинин губернатору да ичинде орун алган тик учар кулап түштү.

Тик учар кулап түшкөн жерде турган 13 киши каза тапты.

Мексиканын Оахаки провинциясында кечээ 7,2 баллдык жер титирөө болуп өттү.

43 км тереңдиктен келген жер титирөөдө кулаган үй болгон жок, 2 райондо 50 үй зыянга учурады.

Жер титирөөдө өлүм житим болгон жок. Мектептер жана ооруканалар бошотулду.

Жер титирөө апаатынын артынан башка бир апаат болду.

Окуя болгон жерге бара жактанда ички иштер министри Альфонсо Наваррете жана Оахакинин губернатору орун алган тик учар кулап түштү.

Тик учар коноор маалда жерден 40 метр бийиктиктен учкуч контролду жоготту. Аскердик тик учардагылар жаракат алышты.

Бирок түшкөн аянтта турган 13 киши каза тапты.



Тектеш кабарлар