В. Путин - 2 - Абдуллах жолугушуусу

Орусиянын президенти В. Путин расмий сапар менен өлкөсүнө барган Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах менен борбор шаар Москвада жолугушту.

911903
В. Путин  - 2 -  Абдуллах жолугушуусу

Орусиянын президенти В. Путин расмий сапар менен өлкөсүнө барган Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах менен борбор шаар Москвада жолугушту. Путин Король Абдуллах менен Кремлдеги жолугушуусунда  Орусия менен Иорданиянын ортосунда орток ишеним жана кызматташтыктын артарына ишенгендигин айтты.

Орусия менен Иорданиянын ортосундагы дипломатиялык карым  - катнаштардын 55 -  жылына киргендигин айткан Путин Иорданиянын королу менен эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык темаларды карап чыгышкандарын билдирди. Король Абдуллах болсо Орусиянын Сирия кризисинин чечилишиндеги ролуна токтолуп : «Сириянын түштүгүндө тынчтыктын түзүлүшү үчүн жаратылган саясий процессте Орусия менен кызматташтыгыбызды дагы да тереңдеттик»,- деди. Маалыматтардан кийин эки лидер массалык маалымат каражаттарына жабык жыйынга өтүштү.



Тектеш кабарлар