БУУму Сирияда ушул кезге чейинки эң жаман кагылышуулардын болгондугун билдирди

БУУнун Сирия гуманитардык жардам координатору Али   ел  - Затари  6 -  февралда Сирияда ок атышпоого чакырган күндөн бери абалдын дагы да начарлагандыгы боюнча эскертти.

909642
БУУму Сирияда ушул кезге чейинки эң жаман кагылышуулардын болгондугун билдирди

БУУнун Сирия гуманитардык жардам координатору Али   ел  - Затари  берген жазуу түрүндөгү маалыматында 6 -  февралда Сирияда ок атышпоого чакырган күндөн бери абалдын дагы да начарлагандыгы боюнча эскертти. Кагылышууларда жүздөгөн жарандын каза болгондугу, көп сандаган кишинин жашаган жеринен кеткенгиди жана саламаттык сактоо борборлору да болуу менен жарандык базанын зыян тарткандыгын белгилеген Затари : «Сирияда ушул кезге чейинки эң жаман кагылышуулардын бирөөсүнө күбө болуудабыз»,- деди.

БУУнун башкы секретарынын катчысы Стефан Дуяррик болсо күнүмдүк басма сөз брифингинде Сирияда күчөп бара жаткан аскердик келишпетиктердин «сигнал берүүчү» экендигин айтты.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин күчөп бара жаткан аскердик келишпестиктин жана кагылышуулардын чек аранын ары жагына өтүшүнөн тынчсызданып жаткандыгын белгилеген Дуяррик Гутеррештин  бардык тараптарга кагылышууларды токтотуу, эл аралык мыйзамга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баш ийүүгө чакыргандыгын айтты.



Тектеш кабарлар