АКШнын террор уюмдарына бөлгөн каражаты...

Пентагон даярдаган Сирия тууралуу отчетко караганда бул сан, АКШнын уюмга былтыр бөлгөн бюджетинен 70 миллион долларга дагы көп.

909358
АКШнын террор уюмдарына бөлгөн каражаты...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГга үстүбүздөгү жыл үчүн жарым миллиард доллардык бюджет бөлдү.

Пентагон даярдаган Сирия тууралуу отчетко караганда бул сан, АКШнын уюмга былтыр бөлгөн бюджетинен 70 миллион долларга дагы көп.

Террор уюмуна бериле турган унаалар, минометтер, танка атуучу ракеталар жана автоматтык мылтыктардан турган кеңири тизме үчүн 433 миллион доллар бөлүндү.

Отчетто бирөө орто эсеп менен 17 миң доллардан турган оор автоматтык куралдардан 3500 даана алына турганы белгиленсе, 3500 доллардык РКМ деп аталган куралдарга болсо 20 миллион доллардык бюджет бөлүнгөнү белгилүү болду.

Калган 67 миллион доллардык бюджет болсо террористтердин ден-соолугу жана транспорт каржылоолору үчүн бөлүнүптүр.

Вашингтон террор уюмуна бир гана курал бербейт, террористтердин санын да арттырууда.

25 миң экени айтылган террорист санынын жылдын акырына чейин 30 миңге жеткириле турган отчетто белгиленүүдө.

Бир тараптан Пентагон 2019-жыл үчүн даярдалган бюджет долбоорунда ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында, жикчил террор уюму ПЙД/ПККга билим бер-камсызда үчүн 300 миллион, «ДЕАШка каршы миссия боюнча чек ара коопсуздук муктаждыктары» үчүн да 250 миллион доллар болуп бардыгы 550 миллион доллар бөлдү.

АКШ баштаган коалициянын алгач 30 миң кишиден курала турган чек ара коопсуздук күчү катары жарыялаган, кийин кайра «ички коопсуздук жана ырааттуулук күчү» деп атаган террор армиясы үчүн да фонд бөлүнгөн болушу көңүл бурду.



Тектеш кабарлар