АКШнын президенти Орусиянын президентине көңүл айтты

Дональд Трамп Орусиянын президенти В. Путинге телефон чалып жекшемби күнү Москва жакындарында болгон учак кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты.

909601
АКШнын президенти Орусиянын президентине көңүл айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти В. Путинге телефон чалып жекшемби күнү Москва жакындарында болгон учак кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты. Кремлдин бама сөз борборунан берилген маалыматта Трамп менен Путиндин телефон аркылу сүйлөшүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы акыркы абалдардын да каралгандыгы билдирилди. Билдирүүдө өзгөчө Трамптын жекшемби күнү Москва жакындарында болгон жана 71 киши каза тапкан учак кырсыгынан улам Путинге көңүл айткандыгы белгиленди. В. Путин кечээ Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Москвада өткөргөн жыйындан мурда берген маалыматында Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Палестина  - Израиль кризисинин чечилишин да сүйлөшкөндөрүн айткан болчу.



Тектеш кабарлар