Башар Асад режими Чыгыш Гутаны бомбалады
Бомбалоодо 9 жаран каза тапты.
907787
Сириядагы Башар Асад режиминин борбор шаар Дамаскта блокада астында кармап турган Чыгыш Гута аймагына жасагана абадан кол салууларында 9 жаран каза болду. Изилдөө - куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан жарандык коргоо топтору каза болгондордун санынын артышы мүмкүн экендигин белгилешти.
Акыркы 43 күндө Чыгыш Гутадагы бомбалоолордо каза тапкан жаран саны 533кө, жаралуулардын саны 2 миңге жеткен. Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Чыгыш Гутада 400 миң жаран жашап жатат.