Дүйнөдө аба ырайы

Парижде катуу кар жаашынан улам шаардын символу болгон Эйфель мунарасы зыяратка жабылды.

906667
Дүйнөдө аба ырайы

Франциянын борбор шаары Париж мурунку жумада болгон сел жана суу баскынан кийин эми карга багынды.

Шаарда  катуу кар жаашынан улам шаардын символу болгон Ейфель мунарасы зыяратка жабылып, Парижге жана шаардын чет жактарына чыккан поезд жана автобус каттамдарында үзгүлтүктөр болууда. Менчик унаалары менен жолго чыккан бир топ айдоочу унаасын шаардын белгилүү жерлерине курулган кароо жерлерине таштоого мажбур болушту. Шаарда жалпы  46 кароо жерлери курулуп, 700гө жакын киши мурунку түндү ушул жерлерде өткөрүштү. Бүгүн таасири артышы күтүлүп жаткан кардын калыңдыгы 20 сантиметрге жетиши күтүлүүдө.

Өткөн жумада жамгырдан улам суусунун деңгээли 1,50 метрден 6 метрге чейин жогорулаган Сена дарыясы да күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

Европада кар менен күрөшүп жаткан бир гана Франция эмес. Хорватияда да кыш абдан катуу өтүп жатат. Өлкөнүн түндүк жана ортоңку жактары кар астында. Венгрияда болсо кардан улам айдоочулар кыйын учурларды жашап жатат. Жолдор жабылып, жолдо калган унаалар  чынжырлар менен куткарылды.



Тектеш кабарлар