Мьянманын АКШда боло турган машыгууга чакырылышы

Мьянманын АКШнын лидерлигинде Азия  - Тынч океан аймагында 13 -  февралда баштала турган машыгууларга чакыруу чечими Вашингтондо талаш – тартыш жаратты.

906409
Мьянманын АКШда боло турган машыгууга чакырылышы

Мьянманын АКШнын лидерлигинде Азия  - Тынч океан аймагында 13 -  февралда баштала турган машыгууларга чакыруу чечими Вашингтондо талаш – тартыш жаратты. Пентагондун катчысы подполковник Кристофер Логан жыл сайын өткөрүлгөн «Алтын кобра» машыгуусунун гуманитардык жардам жана апаат менен күрөшүү бөлүгүнө Мьянмадан үч офицердин чакырыларын билдирди. Логан машыгууга чакырыла турган офицерлердин наамдары жана күбөлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгиледи. Чечим Аракан аймагында жарандарды өлтүргөн жана жүздөгөн айылды өрттөгөн Мьянма  армиясынын машыгууга катышуусуна  АКШлык  депутаттар каршы чыкты.

Сенаттын куралдуу кызматтар комитетинин республикачыл мүчөсү сенатор Жон Маккеин Associated Pressке берген маалыматында этникалык тазалыкка аралашкан армиялар жөндөмдүүлүктөрүн АКШ аскерлеринин жанында өнүктүрбөшү керектигин айтты.

Ошол эле учурда тышкы карым  - катнаштар комитети тарабынан кечээ бекитилген, сенаттын ар эки канаты тарабынан колдоого алынган мыйзам долбоору Мьянма менен аскердик катышууларга карата чектөөлөрдү күчтөндүрүшү жана бул өлкөгө дагы көп санкциялардын салынышын күтүүдө. Ушуга окшогон бир долбоор да АКШ өкүлдөр парламентине сунушталды.

Өкүлдөр парламентинин тышкы карым – катнаштар комитетинин төрагасы Ед Ройс жана АКШнын олуттуу адам укуктарынын бузулушуна аралашкан армияларга колдоо берүүгө тыюу салган мыйзамдын куруучусу  демократ - сенатор Патрик Лихи Мьянманын Тайланддагы машыгууга катышпашы керектигин билдирди. Патрик Лихи : «Кол тийбестик менен эл аралык мыйзамды  бузгандарды сыйлай албайбыз»,- деди.  

БУУму билдирген акыркы маалыматтарга караганда 25 -  августтан бери Мьянмадагы абалдан качкан 655 миң аракандык мусулман Бангладешке баш калкалады. Араканда 1970 -  жылдары 2 миллионго жакын мусулмандын жашагандыгы болжолдолуп, кол салуулардан качуудан улам бул сан 350 миңге азайган. Бир тараптан эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрүндө аймакта мусулмандарга таандык 350дөн ашуун айыл өрттөнгөн.



Тектеш кабарлар