Баш калкалоочулар көчө турган имарттарда өрт чыкты

Окуяда имараттардын атайылап өрттөлгөнүнө байланыштуу далилдердин табылганы билдирилди.

904541
Баш калкалоочулар көчө турган имарттарда өрт чыкты

Швециянын борбор шаары Стокгольмдун түндүгүндөгү Акерсберга аймагында баш калкалоочулар көчүүгө даярданган эки имаратта өрт чыкты.

Эрте өчүрүүнүн негизинде толугу менен күйүп кетүүдөн куткарылган имарттарда каржылык чыгым болгону белгиленди.

Имараттардын ортосунда 50 метрдик аралык бар экени, эки имарттын тең баш калкалоочулардын жайы катары камсыздалганы жана бир канча күндөн кийин баш калкалоочулардын бул имараттарга көчүүсү үчүн даярдыктар көрүлүп жатканы эске салынды.

Өрткө байланыштуу иликтөө жүрүп жатканда, окуяда имараттардын атайылап өрттөлгөнүнө карай маанилүү далилдердин табылганы билдирилди.



Тектеш кабарлар