Палестинанын мамлекет башчысы БУУна кайрылат
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас 20 - февралда Нью – Йоркко барып БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылат.
902309
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук Кеңешинин февраль айындагы кезектешкен башкаруучусу Кувейттин чакыруусу менен 20 - февралда Нью – Йоркко барып БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылат.
Кувейт БУУнун Коопсуздук Кеңешинин февраль айындагы кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алды.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектешкен башкаруучусу жана Кувейттин БУУдагы туруктуу өкүлү Мансур Алотаби өткөргөн пресс – жыйынында 20 - февралда кеңеште өткөрүлө турган Жакынкы Чыгыш тема болгон отурумга Аббасты чакырышкандарын айтты. Алотаби Аббастын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөй турган сөзүнүн мүчө өлкөлөрү үчүн «маанилүү жана пайдалуу» болоруна ишенгендигин билдирди.