Канкор киттер адам үнүн чыгара алышат

Жаңы бир изилдөө «орка» деп аталган канкор киттердин адам үндөрүн туурай алгандыгын ортого чыгарды.

900926
Канкор киттер адам үнүн чыгара алышат

Жаңы бир изилдөө дүйнөдөгү бардык океандардагы бир сүт эмүүчү түрү болгон жана «орка» деп аталган канкор киттердин адам үндөрүн туурай алгандыгын ортого чыгарды. Изилдөөнүн негизинде изилденген 14 жаштагы Wikie аттуу канкор кит англис тилинде «салам» жана 'Bay bay' сыяктуу жөнөкөй сөздөрдү ийгиликтүү туурады. Guardianдын берген маалыматына ылайык Франциядагы бир аквариумда кармалган Wikie,  үчкө чейин санаганды да үйрөндү. «Proceedings of the Royal Society B: Biological Sciences» аттуу илимий журналда жарыяланган изилдөө өзгөчө оркалардын деңиз арстандары менен шише мурундуу жарандардын да үнүн туурай алгандыгын ортого салды.

Илимпоздор бул изилдөөнүн ар башка кит топторунун эмнеден ар башка акценттерди чыгара алары тууралуу ишенимин бекемдеп жаткандыгын баса белгилешүүдө. Акыркы изилдөө орка топторундагы акцент айырмачылыгына канкор киттердин бири биринин үнүн туурашы жол ачкандыгы тууралуу ойлорун да бекемдеп жатат.

 



Тектеш кабарлар