Швецияда террордук уюмдун жактоочулары кол салды

Түрктөргө таандык жайларга жана мечиттерге карай кол салууларын улантып жатышат.

899423
Швецияда террордук уюмдун жактоочулары кол салды

Террордук уюм ПКК/ПЙД жактоочулары, Европанын көптөгөн аймагында түрктөргө таандык жайларга жана мечиттерге карай кол салууларын улантып жатышат.

Европа полициясы үн катпаган кол салуулардын бири Швецияда болду.

ПКК/ПЙД колдоочулары, Европалык түрк демократтар биримдиги уюмунун борбор шаар Стокгольмдогу имаратына кол салышты.

Кол салуу «Зайтун бутагы» операциясына катышкан аскерлер үчүн өткөрүлө турган «Фетих дубасы» программасынан мурда болду.

Имараттын дубалына террордук уюмдун ураандарын камтыган сөздөр жазылды.

ПКК жактоочуларынын программага бөгөт болуу үчүн кол салгандары белгиленди.



Тектеш кабарлар