Украинада тик учар кырсыкка учурады
Тик учардагы 4 киши каза тапты.
897569
Украинанын Полтова аймагындагы Кременчук шаарына жакын жерде Ми - 8 моделиндеги тик учардын кырсыкка учурашы менен 4 киши каза тапты.
Полтова аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик басма сөз кызматынын катчысы Светлана Рибалко Украина массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө менчик бир фирмага таандык Ми - 8 моделиндеги тик учардын Кременчук шаарынын жакындарында кечки сааттарда машыгуу учушуна чыкканда кырсыкка учурагандыгын айтты.
Рибалко алгачкы белгилөөлөргө караганда кырсыкка учураган тик учарда 4 кшинин бар экендигин жана баарынын каза болгондугун билдирди. Кырсык тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн иликтөө жүргүзгөндүгү белгиленди.