Майк Пенсе Жакынкы Чыгыш сапарына чыкты
Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныган провакациялык чечиминен кийин Пенсенин талаш - тартыштуу Жакынкы Чыгыш сапары башталды.
892722
АКШнын вице - президенти Майк Пенсе Жакынкы Чыгыш сапарына чыкты. Президент Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныган провакациялык чечиминен кийин Пенсенин талаш - тартыштуу Жакынкы Чыгыш сапары башталды. Пенсенин биринчи бара турган жери Египеттин борбор шаары Каир болот. Египет президенти Абдулфеттах ес - Сиси менен жолугушкандан кийин Иорданияга барат. Пенсе Иорданиянын королу 2 – Абдуллах менен жолугушат. 22 – 23 - январь күндөрү Израилге барат. Пенсенин Израиль парламенти Кнессеттеге кайрылуусу, өзгөчө «Яд Вашем» менен «Ыйлоо дубалына» барары күтүлүүдө. Пенсенин сапары Трамптын Иерусалим билдирүүсүнөн кийин кечеңдетилген болчу.