Брокколи менен ракты дарылоо

Илимпоздор изилдөө жүргүзүштү.

890584
Брокколи менен ракты дарылоо

Илимпоздор брокколинин колоректаль (жоон ичеги) рагын дарылоодо колдонулса болоору билдиришти.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Сингапур улуттук университетинин илимпоздорунан турган топ, брокколидеги ракка каршы пробиотиктер боюнча иликтөө жүргүзүштү.

Чанг Мэтью Вук жетектеген изилдөөдө, иштелип чыккан пробиотиктердин ракка тоскоол болгону жана жоон ичегинин рак клеткаларынын калыбына келишин камсыздаганы маалымдалды.

Изилдөө убагында пробиотиктердин ичине органикалык молекула болгон мирозиназ ферментинин жайгаштырылганы, ракты алдын алуучу заттар глюкосинолаттар менен дал келтирилген бул пробиотиктердин, лаборатория чөйрөсүндө чычкандардын жана адамдардын жоон ичегисиндеги рак клеткаларынын көбөйүшүнө 95 пайыз тоскоол болгону байкалды.

Изилдөөнүн кеңириси «Nature Biomedical Engineering» журналында жарыялады.



Тектеш кабарлар