Японияынн премьер - министри Сербияда

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе Сербиянын Балкандардын ырааттуулугунда ачкыч ролго ээ экендигин айтты.

889379
Японияынн премьер  - министри Сербияда

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе Сербиянын Балкандардын ырааттуулугунда ачкыч ролго ээ экендигин айтты.

Абе 1987 – жылдан бери Япониядан Сербияга жасалган биринчи расмий сапарды ишке ашырып, борбор шаар Белградда президент Александр Вужич тарабынан кабыл алынды. Вужич менен жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында Абе Европа Биримдигине мүчө болуу жолунда алдыга жылып бара жаткан Батыш балкан өлкөлөрүн колдогондугун белгилеп : «Сербия Батыш Балкандардын ырааттуулугунда ачкыч рольго ээ. Сербиянын геополитикалык абалы Япония менен болгон карым – катнаштарын дагы да маанилүү абалга алып келүүдө»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын өнүгүү потенциалына ээ экендигин айткан Абе эл аралык коомчулуктун Түндүк Кореянын куралданышы сыяктуу эл аралык эрежени буза турган маанилүү маселелер менен бетме  - бет келгендигин жана Сербия менен Япониянын бул маселелерге каршы бирдикте күрөшүшөрүн баса белгиледи. Президент Вужич да Абенин сапарынын эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштар үчүн бурулуш жери экендигин белгилеп : «Жолугушуубузда бир топ теманы карап чыктык, бирок негизги маселе экономикалык карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү болду»,- деди.

Сербия менен Япониянын ортосундагы соода көлөмүнүн жетерсиз экендигин айткан Вужич мунун келерки мезгилде Япониянын инвестициялары менен өнүгүү алып келерин белгиледи. Вужич Абе менен жолугушуусунун негизинде Косова маселесин да карап чыгышкандарын, Абени Сербия менен Косованын Европа Биримдиги арачылыгында ишке ашырган сүйлөшүүлөр тууралуу да маалымат бергендигин билдирди.

Абе Сербия сапарынын негизинде серб кесиптеши Ана Брнабич менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар