Чыгыш Гутага көңүл бургула...

Жарандарды коргоо (Ак шапкачандар) топтору, Башар Асад режиминин курчоосундагы Чыгыш Гутадагы кол салуулардын тез арада токтотулушу жана жарандардын корголушу боюнча чакырык таштады.

888350
Чыгыш Гутага көңүл бургула...

Сирияда миңдеген жарандын өмүрүн сактап калган Жарандарды коргоо (Ак шапкачандар) топтору, Башар Асад режиминин курчоосундагы Чыгыш Гутадагы кол салуулардын тез арада токтотулушу жана жарандардын корголушу боюнча чакырык таштады.

Жарандарды коргоо топтору социалдык медиа тармагынан бөлүшкөн жазуу түрүндөгү жарыясында, Сирияда жана эл аралык тармакта иштеген адам укуктары уюмдары менен жарандык коомдук уюмдардын Чыгыш Гутада жарандарды бутага алган кол салууларга бөгөт болуш үчүн иш-аракет кылышы керектиги белгиленди.

Анда, жарандардын корголушу, курчоо астындагы Чыгыш Гутага гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана ооруулулардын муктаж болгон шашылыш медициналык жардамдарынын берилиши маанилүү экенине шилтеме кылынды.

Режим жана аны колдоочуларынын кол салуулары тууралуу маалыматтар бөлүшүлгөн жарыяда, «Сирия режими, жарандарды ок атышуу аймактарынан оолак кармоо жөнүндө кол койгон бардык келишимдерге карабастан курчоосу астындагы Чыгыш Гута элине карай аскердик операцияларын улантууда. Режим медиасы да жалган маалыматтарды жайып, жарандардын согуш аймагынан чыгарылганын айтууда»,деген сереп салынды.

Орусиянын абадан колдоосун алган режим күчтөрү жана колдоочуларынын акыркы 16 күндөн бери Чыгыш Гутаны катуу бомбалаганы белгиленген жарыяда, Чыгыш Гута чыңалууну басаңдатуу аймагындагы район жана жергелердин сөз болгон убакыттын ичинде 645 даана кургактыктан кургактыкка атуучу ракета менен атылганы, режим күчтөрүнүн да жарандык отурукташуу жерлерине 3031 замбирек огун атканы жана 695 абадан кол салуу менен бутага алганы белгиленди.

Жарыяда, режим жана колдоочуларынын Чыгыш Гутага абадан жана кургактыктан кол салууларында акыркы 16 күндө 51и бала,34ү аялдан турган бардыгы 177 жаран каза болгону маалымдалды.



Тектеш кабарлар