Израиль полициялары палестиналык митингчилерге күч колдонууда

Израилдин полициясынан окуя тууралуу кандайдыр бир маалымдоо жасалган жок.

887872
Израиль полициялары палестиналык митингчилерге күч колдонууда

Израиль полициясынын басып алуусу астындагы Чыгыш Кудуста АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануусуна каршы уюштурулган митингдерге кийлигишүүсүнөн 4 палестиналык жаракат алды.

Басып алуу астындагы Чыгыш Кудустун эң маанилүү көчөлөрүнөн Салахаддин көчөсүндө Палестинанын желектери менен чогулуп ураан чакырган топко Израилдин күчтөрү үн бомбасын атты.

Полициянын кийлигишүүсүнүн себебинен митингчилер окуялар күчөй электе тарады.

Израилдин полициясынан окуя тууралуу кандайдыр бир маалымдоо жасалган жок.

Израилдин аскерлери Батыш Шериадагы Неби Салих аймагында митинг уюштурган палестиналыктарга да желим ок атып, көздөн жаш агызуучу газ чачып кийлигишти.

Израиль күчтөрүнүн кийлигишүүсү убагында айрым палестиналыктар желим ок тийип жараланды, айрымдары болсо атылган газдын себебинен муунуп калуу коркунучун өткөрдү.



Тектеш кабарлар