Сауд Арабия Йеменден атылган баллистикалык ракетаны жок кылды

Йемен Сауд Арабияга кол салды.

886646
Сауд Арабия Йеменден атылган баллистикалык ракетаны жок кылды

Йеменден Сауд Арабиянын Нажран шаарына атылган баллистикалык ракета жок кылынды.

Хусилер тарабынан чек арадагы Нажран шаарына атылган баллистикалык ракетаны Сауд Арабиянын Абадан коргонуу күчтөрү таасирсиз кылды.

Сауд Арабиянын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрүнөн да буга байланыштуу расмий маалымат берилген жок.

Бир тараптан хусилер да Сауд Арабияын Йемен чек арасындагы Нажран шаарына баллистикалык ракета аткандарын билдиришти.

Йеменде бийликке сокку урган хусилер, 2014-жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана менен бирге айрым аймактарды көзөмөлдөп турат. Сауд Арабиянын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрү, 2015-жылдын март айынан бери хусилерге каршы күрөштө мыйзамдуу өкмөттүн күчтөрүнө колдоо көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар