Трамп президенттик шайлоо алдында Орусия менен келишим түздү беле?

Трамп, Орусия менен жашыруун келишим түзгөнү жөнүндөгү айтымдарга Твиттер эсебинен жарыялаган билдирүү менен жооп берди.

886239
Трамп президенттик шайлоо алдында Орусия менен келишим түздү беле?

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусия менен жашыруун келишим түзгөнү жөнүндөгү айтымдардын бүткүл дүйнөнү күлдүргөн «сандырактык» экенин билдирди.

Трамп, Орусия менен жашыруун келишим түзгөнү жөнүндөгү айтымдарга Твиттер эсебинен жарыялаган билдирүү менен жооп берди.

Трамп: «Америка тарыхында окшошу көрүнбөгөн чоңдуктагы ушак айың уланууда. Орусия менен эч кандай келишим болгон жок. Демократтар менен кошо ар ким, бир келишим болбогонун билишет. Ал эми булар эч токтобостон уланууда. Орусия жана дүйнө, күбө болушкан сандырактыкка күлүшөт. Республикачылдар муну көзөмөлгө алышы керек»,-деди.

АКШнын президенти Норвегиянын премьер-министри Эрна Соберг менен Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйынында да башка өлкөлөр менен болгону сыяктуу Орусия менен да кызматташтык уланганын белгилеп кетти.

Трамп: «Орусияга душмандык кылгандан көрө кызматташтык калыган дагы жакшы. Өзгөчө Түндүк Корея маселеси турганда»,-деди.

Дональд Трмап, атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн Орусия териштирүүсүнүн алкагында суракка алынуу ыктымалдуулугу боюнча суроолорго да жооп берди.

Мюллер менен сурак үчүн жолугушуусунун ыктымалдуулуктун тышында экенин айткан Трамп: «Эмнелер боло турганын көрөбүз. Бир келишим болбогонуна жана эч ким менен да ушундай нерсе болбогонуна караганда, жолугушуубуз ыктымалдуулуктан сырткары болуп турат. Трамп кампаниясы менен Орустар же Трамп менен Орустардын арасында эч кандай келишим жок, мындан мурда болбогону да белгиленди»,-деп жооп берди.

«АКШда 2016-жылдын 8-ноябрында болгон президенттик шайлоолорунда Орусиянын кибер чабуул жолу менен кийлигишкени» жөнүндөгү айтымдар боюнча Конгресстин алкагында жүргүзүлгөн териштирүү менен катар 2017-жылдын май айында атайын ыйгарым укуктуу прокурор Роберт Мюллер да өзүнчө бир териштирүү баштаткан.

Эң акырында Трмаптын мурдагы шайлоо өнөктөштүгүнүн менеджери Паул Манафорт, өзүн күнөөлөгөн Мюллер туурасында «ыйгарым укук чектерин ашканы» айтымдары менен доо койгон.

Орусия болсо бир канча жолу АКШдагы президенттик шайлоолорго кийлигишкени жөнүндөгү айтымдарды четке кагып, Кремлдин катчысы Дмитрий Песков болсо, аты аталган айтымдардын «толугу менен негизсиз» экенин билдирген.



Тектеш кабарлар