Чет элдиктердин Эфиопиядан бала багып алышына тыюу салынды

АКШ жарандары эң көп бала багып алган Африка өлкөсү Эфиопияда жыл сайын жүздөгөн бала агенттиктердин жардамы менен башка өлкөлөрдөгү үй  - бүлөлөргө берилип жаткан.

885562
Чет элдиктердин Эфиопиядан  бала багып алышына тыюу салынды

Чыгыш Африка өлкөсү Эфиопия чет элдиктердин бала багып алуусуна тыюу салды. Эфиопия элдери өкүлдөрүнүн  ассамблеясы бул тууралуу мыйзамды бекитти. Улуттук басма сөздө орун алган кабарда мыйзамдын ассамблеяда абдан чоң талаш  - тартыштарга себеп болгондугу белгиленди.

Өкүлдөрдөн кээ бирлери өлкөдө кароосуз балдардын жашай турган жерлеринин жетерсиздигин жактаса, кээ бирлери да багып алынган балдардын жаман мамилеге дуушар болгондугун айтышты. 100 миллионго жакын калктуу өлкөдө жакырдык, табигый апаат жана кагылышуулардан улам жыл сайын миңдеген бала ата  - энесинен айрылып жетим болууда.

АКШ жарандары эң көп бала багып алган Африка өлкөсү Эфиопияда жыл сайын жүздөгөн бала агенттиктердин жардамы менен башка өлкөлөрдөгү үй  - бүлөлөргө берилип жаткан.



Тектеш кабарлар