Израиль Сирияга ракета атты

Израиль Сириянын борбор шаары Дамаск жакындарында Башар Асад режимине таандык жерлерге ракета менен кол салды.

884462
Израиль Сирияга ракета атты

Израиль Сириянын борбор шаары Дамаск жакындарында Башар Асад режимине таандык жерлерге ракета менен кол салды. Асад режиминин билдиргенине караганда Израиль Дамаск жакындарына 3 башка кол салуу жасады. Маалыматта Израиль аскердик учагынын биринчи кол салуусу Ливан жерлери аркылуу эрте менен саат 02:40та Дамасктын Ел  -  Кутайфе районуна ракета атуу менен баштагандыгы билдирилди.

Режимдин абадан коргонуу унааларынын кол салууларга бөгөт болгондугу белгиленген маалыматта бир Израиль реактивинин атылгандыгы билдирилди.

Маалыматта кийинки сааттарда Израилдин кайрадан кол салгандыгы, саат 03:04тө баскын астындагы Голан дөңсөөлөрү аймагынан кургактыктан кургактыкка эки ракета аткандыгы бирок булардын абадан коргонуу системалары тарабынан таасирсиз абалга келтирилгендиги  билдирилди.

Режимдин билдирүүсүндө  акыркы кол салуунун эрте менен саат 04:15те Израиль аскердик учагынын Голандагы Теберя аймагына аткан 4 ракета менен жасалгандыгы тууралуу маалыматка орун берилди.

Израиль гезиттеринен «Гаарец» да режимдин бидирүүсүн кабар катары билдирип, негизги максатынын режимдин курал сактоочу жерлеринин бар экендигин жазды. Израиль мекемелеринен азырынча маалымат бериле элек.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар