Орусияда Гамзатованын президенттикке талапкерлиги кабыл алынган жок

Президенттик шайлоонун 18-мартта өткөрүлүшү пландалууда.

883976
Орусияда Гамзатованын президенттикке талапкерлиги кабыл алынган жок

Орусиянын Борбордук шайлоо комитети, Дагестан автономдуу республикасынын баш муфтийинин жубайы жана «Ислам» журналынын башкы редактору Айна Гамзатованын Орусиядагы президенттик шайлоого талапкерлигин кабыл алган жок.

Гамзатованын талапкерлигинин кабыл алынбоо себеби болсо, кээ бир процедуралардын туура аткарылбаганы жана керектүү айрым документтердин комиссияга тапшырылбаганы көрсөтүлдү.

30-декабрда 542 мүчөлүү демилге тобу, Дагестан муфтийинин жубайы болгон 46 жаштагы Айна Гамзатованын Орусиядагы президенттик шайлоого талапкер болушун колдогон болчу.

Орусияда президенттик шайлоонун 18-мартта өткөрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар