Ирандагы акыркы абал

Иран Парламенти болгон окуяларды талкуулаш үчүн чогулду.

883375
Ирандагы акыркы абал

Иранда 10 күндөн бери уланган оппозициячыл митингдер ордун режимди жактоочу митингдерге калтырды.

Иран Парламенти болгон окуяларды талкуулаш үчүн чогулду.

Иран Парламентиндеги жабык отурумга чалгындоо министри менен катар улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин төрагасы жана ички иштер министри да катышат.

Отурумда бир топтон бери уланган митингдердин акыбети тууралуу көрүлө турган чаралардын карала турганы маалымдалууда.

Айрыкча социалдык медиа тармагындагы айрым чектөөлөрдүн да керектүү шарттар камсыздалган учурунда жоюла турганы айтылууда.

Бир тараптан өлкөдөгү оппозициячыл митингдердин ордун режимди жактоочу митингдер ээледи.

Ошондой эле айрым шаарларда кичине өлчөмдөгү оппозициялык митингдер уланууда. Өлкөдө митингдер башталган алгачкы күндөн баштап миңден ашуун киши камакка алынды.

Камакка алынгандардан эң аз 90нун студент экени белгиленди.



Тектеш кабарлар