АКШ полициясы 2017 - жылы 987 киши өлтүрдү

АКШдагы полициялардын 2017 -  жылы 987 кишини курал менен атып өлтүргөндүгү белгиленди.

882847
АКШ полициясы 2017 -  жылы 987 киши өлтүрдү

АКШдагы полициялардын 2018 -  жылы 987 кишини курал менен атып өлтүргөндүгү белгиленди. Washington Post  гезитинин жергиликтүү расмий булактарынан алынган статистикаларына карата берген маалыматында 2015 – 2017 -  жылдары 3 миңге жакын киши АКШ полициясынын октору менен каза болгон. Статистикаларга караганда полиция 2015 -  жылы 995, 2016 -  жылы 963, 2017 -  жылы да 987 кишини атып өлтүргөн. Бир тараптан АКШ полициясынын 2015 -  жылы 36, 2016 -  жылы 17, өткөн жылы болсо 19 куралсыз кара эркектин өлүмүнө себеп болгондугу белгиленди.

2014 -  жылдын август айында Мишель Броун аттуу 18 жаштагы кара америкалыктын полиция тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин жалпы өлкөдө полиция күчү тууралуу статистикалардын белгилене баштагандыгы билдирилген кабарда полициянын өзгөчө куралсыз жарандарга карата кийлигишүүдө этият болбогондугу баса белгиленди.



Тектеш кабарлар